Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 99

Акыркы суткада Россия Федерациясынын аймагында коронавирус аныкталган бейтаптардын тизмесине 5966 адам кошулду.

Бул маалыматты Россиянын коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдирди.

Бир суткада бул оору аныкталган 66 адам көз жумган.

Россияда коронавирус жукканы аныкталгандардын жалпы саны 74 588 адамга жетти. Каза болгондордун жалпы саны — 681 адам. 6250 адам айыккандан кийин ооруканалардан чыгарылган.

Жонс Хопкинс университетинин эсеби боюнча бүгүн, 25-апрелде дүйнө жүзүндө жалпы 2 млн 809 миӊ 979 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 197 миӊ 6 адам каза болду.
Алдыңкы 10 мамлекет:

АКШ – 905 333 адамга коронавирус жуккан (каза тапкандар – 51 949 адам);
Испания – 219 764 (каза тапкандар – 22 524);
Италия – 192 994 (каза тапкандар – 25 969) ;
Франция – 159 952 (каза тапкандар – 22 279);
Германия – 154 999 (каза тапкандар – 5 760);
Улуу Британия – 144 640 (каза тапкандар – 19 567);
Түркия – 104 912 (каза тапкандар – 2 600);
Иран – 88 194 (каза тапкандар – 5 574);
Кытай – 83 899 (каза тапкандар – 4 636);
Россия – 74 588 (каза тапкандар – 681).

Булак: Баракелде