Өзбекстанда коронавирус инфекциясы аныкталган аял киши көз жумду.
Ал коронавирустан башка ооруларга да чалдыкканын аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маркум — Ташкент облусунун жашоочусу 19-апрелде оор абалда жугуштуу оорулар ооруканасына түшкөн. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, анализдин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган. Андан кийин ал Ташкенттеги медициналык академиянын көп профилдүү клиникасына которулган. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай бейтап каза тапты.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда коронавирустан 8 адам көз жумду. Ал эми бул илдетти жуктургандардын саны 1778 адамга жетти.
Булак: Баракелде