Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 173

Бишкек, “Саясат.kg”.  Бүгүн, 24-апрелге караган түнү Өзбекстанда дагы 23 адам коронавирус менен катталган. 

Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат берген. Анын айтымында  коронавирус илдетинен  7 адам каза болуп, 561 адам айыккан.

Ошону менен Өзбекстанда  бейтаптардын жалпы саны 1758 адамга жетти.