Бүгүн, 22-апрелде саат 12:50гө карата Казакстанда дагы 22 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.
Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар Алматы (13), Нур-Султан (2) шаарларында жана Алматы (7) облусунда катталды. Муну менен Казакстанда коронавирус жуктургандар 2047 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- 693 адам Алматы шаарында;
- 403 адам Нур-Султан шаарында;
- 151 адам Кызыл-Ордо облусунда;
- 83 адам Акмола облусунда;
- 101 адам Караганда облусунда;
- 82 адам Атырау облусунда;
- 76 адам Жамбыл облусунда;
- 66 адам Түркстан облусунда;
- 103 адам Чымкент шаарында;
- 30 Түндүк Казакстан облусунда;
- 62 адам Алматы облусунда;
- 72 адам Батыш Казакстан облусунда;
- 27 адам Актөбө облусунда;
- 37 адам Павлодар облусунда;
- 16 адам Мангистау облусунда;
- 11 адам Чыгыш Казакстан облусунда;
- 34 адам Костанай облусунда.
Булак: Баракелде