Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 153

Бүгүн, 16-апрелде саат 10:00гө карата Өзбекстанда дагы 47 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Муну менен Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 1349 адамга жетти. 4 бейтап каза болуп, 107 адам бул илдеттен айыкты.

Кыргызстанда 466 адамдан коронавирус аныкталып, 5 бейтап көз жумду.

Казакстанда коронавирус боюнча 1331 учур катталды.

Булак: Баракелде