Бишкек, “Саясат.kg”. АКШ дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмуна мүчө катары 400 миллион доллар төлөп келатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун каржылоону токтото туруу буйругун берди. Ал мындай пикирге дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүнүн милдетин так аткарбаганы үчүн барганын маалымат жыйынында жарыялады.
“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча маалыматты жетиштүү деңгээлде алган эмес, текшерген эмес жана аны өз убагында ачык-айкын таркаткан эмес" деп айыптады. Ошондой эле уюм Кытайдын бурмаланган маалыматын таратып, натыйжада ал эпидемиянын ири масштабына алып келди”- деди. Трамп вирустун Кытайдан сырткары дүйнөгө жайылышына алып келген окуяларга дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ролу аныкталмайынча аны каржылоону токтото турууну чечти.
АКШнын мүчө катары төлөгөн 400 миллион доллары аталган уюмдун бюджетинин 15 пайызын түзөт. Ал каражат убагында берилбесе, аталган уюмдун ишин солгундатаары бышык.
Бирок, ошол эле учурда БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш азыр – “Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун же вирус менен күрөшүп жаткан башка гуманитардык уюмдун каржылоосун токтото турган учур эмес” экенин белгилеп, “азыр - биригүүнүн убагы, бул вирусту ооздукташ үчүн жана анын кырсыктуу кесепеттерин жоюш үчүн эл аралык коомчулуктун бирдиктүү иштей турган убагы”,- деди.
Коронавирустук инфекциянын дүйнөдө жана өлкө ичинде жайылышы боюнча оперативдүү маалыматтар биздин телеграм-каналда: https://t.me/sayasatkg