Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 129

Бүгүн, 11-апрелде саат 12:40ка карата Казакстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Алматы (9), Нур-Султан (2) шаарларында, Караганда (1), Павлодар (5) облустарында жана Шымкент (2) шаарында катталды. Бүгүнкү күндө Казакстада коронавирус жуктургандар 859 адамга жетти.

Кыргызстанда 339 учур катталып, 5 адам көз жумду.

Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 700 адамга чукулдап калды.

Булак: Баракелде