Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 135

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 9-апрелде дагы 32 киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын билдирди.

Алматы шаарында – 1, Чымкент шаарында – 4, Акмолодо – 13, Кызылордодо – 7, Атырау облусунда – 3, Батыш Казакстан жана Караганды облустарында экиден кишиден вирус табылган. Күн мурун өлкөдө вирус жуктурган жаңы 30 учур катталган.

Арасында полиция кызматкери жуктурган алгачкы учур аныкталды.

 Учурда орган кызматкери дарыланууда. Абалы туруктуу. Аны менен 530 адам байланышта болгон. Алардын арасында полиция кызматкерлери жана үй-бүлө мүчөлөрү бар.

Жалпысынан 9-апрель күнү түшкө чейин өлкөдө коронавирус жугузгандардын саны 759га жетти. Алардын ичинен 54 киши айыгып, бешөө көз жумду.

Булак: Элгезит