Россияда бир суткада коронавирус инфекциясын 954 адам жуктурду.
Ыкчам штабдын расмий маалыматы боюнча, өлкөдө вирус жуктургандардын саны 6,3 миң адамга жетсе, 47 адам каза болду.
ТАСС басылмасынын маалыматына ылайык, Москва шаарында бир суткада коронавирусту 591 бейтап жуктуруп, жалпы саны 4848 адамды түздү. Мындан сырткары дагы 48 аймакта катталды.
Булак: Баракелде