Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 130

Улуу Британияда коронавирустун кесепетинен 4313 адам каза болду.

Өкмөт сөз ооруканада каза болгон бейтаптар гана тууралуу болуп жатканын билдирди. Тактап айтканда бул сандарга үйүндө же карылар үйүндө көз жумган адамдар кошулган жок.

Ал эми Испанияда эки күн катары менен каза болгондордун саны азайды. 3-апрелде 809 адам, андан мурунку күнү 932 бейтап, төрт күн мурун 950 адам көз жумган. Бул өлкөдө коронавирустан каза болгондордун саны 11 миң 744 адамга жетти. Өлкө жетекчилиги карантин 26-апрелге чейин узартыларын жар салды.

Италияда жума күнү, тактап айтканда 3-апрелде 766, ал эми 4-апрелде 681 адам каза тапты. Бул өлкөдө да коронавирустан каза болгондордун саны азайып жатат. Учурда ооруканаларда жандандыруу бөлүмүндө 4 миңден ашык бейтап бар. Азырынча Италия адам өлүмү боюнча «рекорд» койгон өлкө болуп саналат, жалпы 15 миңден ашык адам вирустан каза болду.

Францияда жума күнү ооруканаларда 588 адам көз жумду. Бул эпидемия башталгандан бери өлкөдөгү адам өлүмү боюнча эң жогорку көрсөткүч болду. Жалпы 6 миң адам каза болуп, 6 662 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Германияда коронавирустан 1158 адам каза тапты.

Булак: Баракелде