Казакстанда коронавирус инфекциясынан дагы бир адам каза болду.
Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Казакстанда 4-апрелге карата COVID-19 вирусунан жалпы 5 адам көз жумду. Ал эми вирус жуктургандардын саны 525 адамга жетти.
Алардын ичинен:
- Нур-Султан шаарында — 216;
- Алматы шаарында — 110;
- Караганда облусунда — 27;
- Атырау облусунда — 22;
- Акмола облусунда — 20;
- Жамбыл облусунда — 10;
- Шымкент шаарында — 13;
- Чыгыш Казакстан облусунда — 4;
- Алматы облусунда — 10;
- Актөбө облусунда — 10;
- Түндүк Казакстан облусунда — 25;
- Павлодар облусунда — 1;
- Мангистау облусунда — 3;
- Кызылордо облусунда — 28;
- Чыгыш Казакстан облусунда — 2;
- Түркстан облусунда — 23 адам бар.
Булак: Баракелде