Россияда бир суткада коронавирус инфекциясы жуккан 440 жаңы учур катталды.
Бул тууралуу «Стопкоронавирус.рф» сайты жазды.
Өлкөдө Covid-19 вирусун жуктургандардын саны 2777 адамга жетип, алардын ичинен 24 адам көз жумду. Ал эми 190 адам бул илдеттен айыккан.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 872,9 миң адам жуктурду.
Булак: Баракелде