Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 175

Бүгүн, 31-мартта саат 15:30га карата Казакстанда дагы 11 адамдан коронавирус аныкталды.

Анын ичинде 10 учур Кызыл-Ордо облусунда, 1 учур Павлодар облусунда катталганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 336 адамга жетти.

Алардын ичинен:

- Нур-Султанда 175 адам;

- Алматы шаарында 82;

- Карагандада 13;

- Атырау облусунда 13;

- Акмола облусунда 10;

- Жамбыл облусунда 3;

- Чымкентте 2;

- Чыгыш Казакстан облусунда 2;

- Алматы облусунда 8;

- Актөбөдө 3;

- Түндүк Казакстан облусунда 2;

- Павлодарда 2;

- Мангистау облусунда 1;

- Кызыл-Ордо облусунда 18;

- Батыш Казакстан облусунда 2 адам бар.

Булак: Баракелде