Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 182

Бүгүн, 31-мартта Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус илдетине чалдыккан 50 жаштагы бейтап каза болду.

Бул тууралуу «Zakon.kz» басылмасы билдирди.

Маалыматтарга караганда, маркум бир айдан бери ооруп келген. Бирок дарыгерлерге кайрылган эмес. Анын жумушу иш сапарлар менен байланыштуу болгон. Аны менен байланышкан 31 адам жана кесиптештери ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк үй-бүлө мүчөлөрүнөн эки адам дагы коронавирус жуктурганы аныкталган болчу.

Казакстанда коронавирустан алгачкы жолу бейтап 26-мартта каза болгон. Бүгүнкү күндө республика боюнча 325 адамга коронавирус жукту.

Булак: Баракелде