Ал Тайланддын провинциясында коронавирус жуктурган адамдардын саны Бангкоктон ашып кеткенин белгиледи.
30-мартта Тайландда коронавирус 136 адамдан катталды. Бул тууралуу «РИА новости» басылмасы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү борборунун комитетинин басма сөз катчысы Тхависин Висануйотхинге шилтеме берүү менен билдирди.
Тайландда жалпы 1524 адам коронавирус инфекциясын жуктурду. «Жаӊы учурлар Пхукет, Краби, Ялла, Паттани жана Тайланддын борбордук жана түштүк-чыгыш провинциясында – Чонбури, Сакеодо катталды», - деди басма сөз катчы.
Ал Тайланддын провинциясында коронавирус жуктурган адамдардын саны Бангкоктон ашып кеткенин белгиледи. Бангкок алгачкы жумаларда инфекциянын жайылышынын очогу болгон. Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы Тайланддын 59 провинциясында катталды.
Булак: Баракелде