Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 128

Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алган дагы бир учур катталганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, илдет 28-мартта COVID-19 ооруну жугузуп, каза болгон адамдын жээнинен табылган. Буга чейин илдеттен толугу менен 7 адам айыгып, оорукандан чыгарылганы айтылган. Алар реабилитациялык борбордо болууда.

Өзбекстанда COVID-19 илдетин алгач 15-мартта жуктуруп алганы белгилүү болгон.

Булак: Кабар