Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 128

24-марттагы расмий маалыматка ылайык, Италияда жалпы 59 миӊ 138 адамга коронавирус жуккан.

24-марттагы расмий маалыматка ылайык, Италияда жалпы 59 миӊ 138 адамга коронавирус жуккан. Акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан 652 адам каза болгонун жарандык коргоо департаментинин башчысы Анжело Борелли билдирди.

Ошондой эле акыркы суткада 952 бейтап айыкканы белгилүү болду. Жалпы Италия боюнча бул илдеттен айыккандардын санын 7000 адам түздү.

Бореллинин айтымында, Италияда коронавирус жайылган мезгилден тарта алгачкы жолу статистикалык көрсөткүч жогорулаган эмес. Мурунку күндөргө салыштырмалуу коронавирус жуктурган бейтаптар менен адам өлүмүнүн саны кыскарып жатат.

Ишемби күнү Италияда 793 адам каза болгон. Ал эми жалпы каза болгондордун саны 6000 адамга жетти.

Булак: Баракелде