Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 133

Бүгүн, 23-мартка карата дүйнөдө коронавирус жуктурган 294 миң 110 адам бар.

Бул бейтаптар 187 өлкөдө. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун акыркы маалыматын коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова бүгүн эртең мененки онлайн маалымат жыйында айтты.

Бейтаптар көп өлкөлөрдүн тизмесине Кытай, Италия, Иран, Германия, Испания кирет. Кыргызстанда жаңы учур катталган жок, жалпы 14 бейтап бар.

«Кытайда коронавирустун таралышы аз катталып калды. Бул эпидемияга каршы иш-чараларды мамлекеттик органдар менен калкы туура кабыл алып, так аткарганы менен байланыштуу», - деди А.Ахматова.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавирустан 12 944 адам каза болду.

Бейтаптардын саны:

- Кытайда 81 499;

- Италияда 53 578;

- Испанияда 24 926;

- Иранда 21 638;

- Германияда 21 463 адам.

Ал эми Россияда 367 бейтап бар.

Булак: Баракелде