Моңголиянын Түштүк Кореядагы 244 жараны эвакуацияланды.
Моңголиянын Түштүк Кореядагы 244 жараны эвакуацияланды. Бул үчүн «MIAT» авиакомпаниясы чартердик каттам уюштурган.
«CentralAsia (MNG)» басылмасынын маалыматы боюнча, Инчхон шаарынан чыккан учак 15-мартта саат 16:25 чамасында Буянт-Ухаадагы эл аралык аэропортко конгон.
Моңголия Россия, Түркия жана Казакстандын аэропортторундагы бардык авиакаттамдарын убактылуу токтоткон. Бул коронавирус дартына байланыштуу.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссия Москва, Стамбул жана Нур-Султан шаарларындагы бардык каттамдарды 11-марттан тарта 28-мартка чейин токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми «MIAT» авиакомпаниясы бул аралыкта бул өлкөлөрдөгү Моңголиянын жарандарын эвакуациялоо иштерин жүргүзөт.
Дагы бир чечим — Моңголиянын жарандарына Россиянын чек арасына автотранспорттор менен кирүүгө, ошондой эле Россиядан чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө 31-мартка чейин тыюу салынды.
Улан-Батор—Иркутск—Улан-Батор жана Улан-Батор—Москва—Улан-Батор темир жол каттамы 28-мартка чейин иштебейт. Моңголия Түштүк Корея, Кытай, Япония, Гонконг жана Тайвань менен болгон аба байланышын февралдын аягында токтоткон болчу.
Булак: Баракелде