Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 150

Акыркы сутка ичинде Италиянын аймагында коронавирус дартынан 133 адам каза болду.

Акыркы сутка ичинде Италиянын аймагында коронавирус дартынан 133 адам каза болду. Бул маалыматтарды 8-мартта уюштурулган маалымат жыйында жарандык коргоо департаментинин башчысы Анджело Боррелли билдирген.

Ал эми бул дарттан көз жумгандардын саны 366 адамга жетти, деп маалымдайт «ANSA» басылмасы.

Коронавирустан көз жумган адамдардын саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу Италияда эң жогорку көрсөткүчтө (жалпы калктын санына карата).

Сандар:

- Италияда 4,96%;

- Кытайда 3,83%;

- Иранда 2,96%.

Коронавирус менен күрөшүү максатында Италиядагы 15 провинцияны жабуу тууралуу премьер-министрдин буйругу чыкты. Бул аймактарда 16 млн адам жашайт.

Мындай чектөө 8-мартта башталды жана айдын аягына чейин уланат. Бул аралыкта провинциялардан чыгууга жана кирүүгө тыюу салынып, билим берүү мекемелери, музейлер, спорттук мекемелер жабык болот. Чыгуу жана кирүүгө чукул кырдаал учурунда гана уруксат берилиши мүмкүн.

Мындан тышкары үйлөнүү тойлор, маркумду акыркы сапарга узатууга массалык, маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлбөйт. Демек кинотеатр, түнкү клубдар, музей, бассейн жана башка коомдук жайлар да эшигин жабат. Ал эми ресторандар менен бардагы кардарлар бири-биринен 1 метрден жакын жайгашпашы керек.

Музей, кинотеатрларды жабуу, массалык иш-чараларды токтотуу сыяктуу чектөөлөр Италиянын бардык аймагына тиешелүү.

Булак: Баракелде