Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги 4-мартта кабарлаганына караганда жугуштуу илдеттен 92 адам набыт болду.
Иран коронавирустан өлгөн адамдардын саны жагынан Кытайдан кийинки орунда.
Оорудан көз жумгандардын арасында Ирандын көсөмү Аятолла аль-Хаменейдин кеңешчиси да бар.
Вмце-спикер, мурдагы министр, кардиохирург Масуд Пезешкян өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны расмий айтылып жаткандан алда канча көп экенин айтып чыкты. Ал Ensafnews.ir. сайтына курган маегинде "сандар чыныгы маалымат эмес, анткени оорулуулардын көпчүлүгү тесттен өтө алышпайт" деп билдирди.
Коронавирустун очогу болгон Кытайдын өзүндө илдеттен 3012 адам көз жумду. Ооруну жуктургандардын саны 80,5 миңге чукулдады.
Өпкөнү сезгенткен бул илдет Кытайдан тышкары 70ке чукул өлкөдө катталды.
Булак: Азаттык