Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Премьер-министрликке келгенине алты ай болгон Алексей Гончарук кызматтан кетүүгө арыз берди.

Премьер-министрликке келгенине алты ай болгон Алексей Гончарук кызматтан кетүүгө арыз берди. Шейшембиде Жогорку Раданын «Слуга народа» фракциясы анын арызын колдогон.

4-мартта Жогорку Рада Гончаруктун кызматтан кетүү жөнүндө арызын карайт. Ошондой эле анын ордуна 44 жаштагы Денис Шмыхалды дайындоо маселеси да күн тартибине коюлган. Парламент жыйынына президент Зеленскийдин катышуусу күтүлүүдө.

Шмыхал өкмөт башчынын орун басарлыгына февралда дайындалган. Мурда ал Ивано-Франков облусунун губернатору болуп турган.
2017-2019-жылдары Украинадагы эң бай миллиардер Ринат Ахметовго таандык энергохолдингди жетектеген. Шмыхал Ахметов менен тааныштыгы жок экенин, ишке сынак аркылуу орношконун айтып жүрөт.

Булак: Азаттык