Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 157

Өзбекстандын Маданият министрлигинин музейлер башкармалыгы Фергана облусундагы музейден уурдалган «Кукуруза шумит» сүрөтү боюнча териштирүү ишин баштады.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин музейлер башкармалыгы Фергана облусундагы музейден уурдалган «Кукуруза шумит» сүрөтү боюнча териштирүү ишин баштады. Бул сүрөт 1932-жылы өзбекстандык Александр Волков аттуу сүрөтчү тарабынан тартылган.

Февраль айынын ортосунда жергиликтүү сайтка бир катар өнөр адамдары Өзбекстандын жаңы шайланган маданият министри Озодбек Назарбековго кайрылуу жасаганы тууралуу макала жарыяланган. Алар кайрылуусунда Лондондогу аукционго коюлган «Кукуруза шумит» сүрөтү боюнча тынчсызданышкан. Ошондой эле бул сүрөт Фергана облусундагы музейден уурдалганын, ал эми анын ордуна жасалма сүрөт илинип турарын тастыкташкан.

Укук коргоо органдарынын бир кызматкери билдиргендей, «Кукуруза шумит» сүрөтүнүн түп нускасы 2009-жылы Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага белекке берилген. Аны ошол учурдагы Фергана нефть иштетүүчү заводунун директору Журат Меликулов берген.

Ал эми Г.Каримова бул сүрөттү 2009-жылы Өзбекстанга конокка барган дүйнөгө белгилүү россиялык дизайнерге (аты айтылбай келет) белек кылган.

2014-жылдын 20-августунда Ташкент шаардык соту Ж.Меликуловду Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (ээлеп алуу жол менен уурдоо) жана 177-беренеси (акча баалуулуктарды мыйзамсыз сатуу) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле сот аны Фергана нефть иштетүүчү заводдон 100 млн долларды ээлеп алууга күнөөлүү деп тапкан.

Өзбекстандын Маданият министрлигин өкүлү учурда жаңы министр Озодбек Назарбеков уурдалган сүрөттү Өзбекстанга кайтаруу масесин чечип жатканын билдирди.

Булак: Баракелде