Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин коронавируска каршы «согуш» жарыялады.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин коронавируска каршы «согуш» жарыялады. Өкмөттүк мекемелер күнү-түнү иштөөгө өттү.
Президенттин айтымында, Түштүк Корея критикалык абалда турат. Ал коронавируска каршы күрөшүү үчүн 25 миң доллар бөлүнгөнү тууралуу айтып: «Тэгу жана Түштүк Кенсан провинциясындагы кризис өзүнүн туу чокусуна жетти. Бардык өлкөлөр инфекциялык ооруга каршы күрөшүп баштады», - деди.
Өткөн суткада өлкөдө коронавирус дартын жуктурган 600 учур катталды. Ал эми жалпы 4812 адам бул ооруга кабылды.
Булак: Баракелде