Кытайда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери абанын булгануу деңээли төмөндөдү.
Кытайда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери абанын булгануу деңээли төмөндөдү. Бул көрсөткүчтү спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
NASA муну коронавируска байланыштуу өндүрүш төмөндөгөнү менен түшүндүрөт. Кытайда вирустун жайылуусун токтотуу жана жумушчуларды коргоо үчүн көптөгөн фабрикалар жабылды. Спутниктен алынган маалымат 2020-жылы азоттогу газдын (двуокись) концентрациясы төмөндөгөнүн көрсөткөн. Атмосферадагы аталган уулуу газдын төмөндөөсү алгач COVID-19 вирусу тараган Ухань шаарында байкалган.
NASA белгилегендей, өзүнүн тажрыйбасында мындай кескин өзгөрүүнү биринчи жолу жолуктуруп жатышат.
Акыркы суткада Кытайда коронавирус жуктурган 202 жаңы учур (жалпы 80 миңден ашык) катталды. Ал эми бул дарттан сакайгандардын саны 2,8 миң адамдан ашты.
Булак: Баракелде