Кытайдын «Journal of Forensic Medicine» журналы коронавирустан биринчилерден болуп көз жумган адамдын денесине жүргүзүлгөн патологоанатомдук экспертизаны жарыялады.
Кытайдын «Journal of Forensic Medicine» журналы коронавирустан биринчилерден болуп көз жумган адамдын денесине жүргүзүлгөн патологоанатомдук экспертизаны жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.
Маалыматтарга ылайык, маркум 85 жаштагы киши болгон. Экспертиза бейтаптын өпкөсүнө вирус таасирин тийгизгенин көрсөткөн. Ал эми башка органдарга зыяны тийген эмес. Каза болгон жаран январь айында мээ инфаркты менен ооруканага түшкөн. Алгач ал жаранда жогорку дене табы, жөтөл жана башка белгилер байкалган эмес.
10-күн: бейтаптын тамагы кычышып, дене табы көтөрүлүп кеткен. Ал эми томография эки өпкөсүндө жугуштуу оору бар экенин көрсөткөн.
13-күн: бейтаптын нуклеин вирустук кислотаны аныктоочу анализи оң жыйынтык берип, анда жаңы COVID-2019 вирусу аныкталган.
20-күн: Кайталап томография аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында 2 өпкөсүнө тең инфекция тараганы аныкталган.
28-күн: Бейтап көз жумган. Өлүмдүн себеби «коронавирустун жаңы түрүндөгү пневмония, дем алуу органдарындагы жетишсиздик» деп аныкталган.
Ухандагы ооруканада каза болгондон кийин 12 саатка жетпей патологоанатомдук иликтөө жүргүзгөн.
Булак: Баракелде