Беларусь Республикасынын аймагында да коронавирус катталды.
Бул биринчи учур экенин жана Ирандын жаранына жукканын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган.
Бул оору жукканы 27-февралда белгилүү болгон жаран студент. Ал Беларусь өлкөсүнө Бакудан 22-февралда барган. Учурда ал өзүн жакшы сезип жатканы айтылды.
Коронавирус боюнча кырдаалдарга байланыштуу 20-февралдан тарта Түштүк Корея, Иран жана Италиядан Буларусь өлкөсүнө барган бардык адамдарды толук, так текшерүү чечими кабыл алынганы маалым болду.
Акыркы маалыматтар боюнча, Иранда коронавирус жуктурган бейтаптардын саны 245 адамга жетти. Жалпы 26 адам каза болгон. 2 күн мурунку абалды карап көрсөк, түштөн кийин 106 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 7 адам көз жумган.
Булак: Баракелде