Моңголия Кытайга жаңы коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, 30 миң кой берди. Моңгол президенти Халтмаагийн Баттулга кайыр-садага тууралуу расмий катты Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге кечээ, 27-февралда тапшырды.
Моңголия Кытайга жаңы коронавирус менен күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, 30 миң кой берди. Моңгол президенти Халтмаагийн Баттулга кайыр-садага тууралуу расмий катты Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге кечээ, 27-февралда тапшырды. Си Цзиньпин: «Бүгүнкү күндө Моңголиянын өкмөтү жана эли бизге чоң жардам көрсөтүүнү улантып жатат. Бул визит Кытай менен Моңголия бири-бирине көмөк көрсөткөн достук мамиледеги кошуналар экенин тастыктайт. Президент Халтмаагийн Баттулга, сиз эпидемиядан кийин биздин өлкөгө келген алгачкы президентсиз. Сиздин визит эки өлкөнүн мамилесинин маанилүүлүгүн жана жана кытай элин толугу менен колдой турганыңарды тастыктайт», - деди.
Кытайда социалдык тармактарда бул маалымат катуу талкууланып, «Моңголиянын президенти Кытайга 30 000 кой берди» аталышындагы видео 100 миллион жолу көрүлдү.
Буга чейин Моңголиянын премьер-министри Ухнагийн Хурелсух Кытайдын элчиси менен жолугушуп, Кытайдагы эпидемияга каршы күрөшүүдө колдоо катары 200 миң доллар берилгени маалымдалган.
Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайга болгон сапарынан кийин 14 күндүк карантинге алынат. Бул тууралуу Моңголиянын президентинин администрациясынан билдиришкен. Кытай коронавирустун очогу болгондуктан эрежелерге ылайык алар карантинде болушу зарыл.
Булак: Баракелде