Иранда коронавирус жуктурган адамдардын санына байланыштуу маалыматтар улам такталып жатат.
Иранда коронавирус жуктурган адамдардын санына байланыштуу маалыматтар улам такталып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Киануш Жаханпурдун айтымында, 26-февралга карата бул дартты жуктурган бейтаптардын саны 245 адамга жетти. Өкүнүчтүүсү 26 адам каза болгон.
2 күн мурунку абалды карап көрсөк, түштөн кийин 106 жаңы учур аныкталган. Алардын ичинен 7 адам көз жумган.
Коронавируска байланыштуу Иран менен чектешкен өлкөлөр чек араларын жаап, авиа байланыштар да токтотулуп жатат.
Булак: Баракелде