Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 159

Бүгүн, 27-февралда Моңголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кытайга болгон сапарынан кийин 14 күндүк карантинге алынат.

Бул тууралуу Моңголиянын президентинин администрациясынан билдиришти.

Моңголиянын делегациясы президент менен чогуу Кытайга жардам көрсөтүү максатында эт азыктарын жеткирип барат. Кытай коронавирустун очогу болгондуктан эрежелерге ылайык алар карантинде болушу зарыл.

«Президент командасы менен Кытайдан 27-февралда кечинде келет. Анын Кытайга болгон иш сапары өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы менен макулдашылган. Коронавирус жуга турган райондордон келген адамдарды көзөмөлдөгөн эрежелер президентке жана аны коштоп жүргөн делегацияга дагы колдонулат», - деди өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Ө.Энхтувшин.

Булак: Баракелде