Грузияда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталды.
Бул тууралуу «РИА Новости» өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Екатерина Тикарадзеге шилтеме берип жазды.
Министрдин айтымында, вирус жуктурган грузиялык жаран Ирандан Азербайжан аркылуу барган. Буга байланыштуу өлкө бийлиги Ирандын жарандарын 2 жума киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Буга чейин эки өлкө ортосундагы аба каттамы да токтотулган болчу.
Ошондой эле Румыниядагы Горж районунун жашоочусунан коронавирус аныкталды. Ал Румынияга барган италиялык жарандар менен байланышта болгону маалымдалды.
Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 81,2 миң адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 2,7 миңден ашык адам каза болду. Акыркы күндөрү Түштүк Корея, Италия жана Иранда аталган дарттан каза болгондор көбөйүп жатат. Мындан тышкары жакында эле Швейцария, Австрия жана Грецияда коронавирус жуктурган алгачкы учурлар катталды.
Булак: Баракелде