26-февраль күнү Пакистандын саламаттыкты сактоо министри Зафар Мирза өлкөдө вируска чалдыккан эки адам катталганын билдирди.
26-февраль күнү Пакистандын саламаттыкты сактоо министри Зафар Мирза өлкөдө вируска чалдыккан эки адам катталганын билдирди. Ал оорулуулардын абалы туруктуу экенин белгилеп, "дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок, баары көзөмөлдө" деп айтты.
Коңшулаш Иранда илдеттен 19 киши өлгөнү расмий кабарланды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киануш Жаханпурдун 26-февралда маалымдаганы боюнча, өлкөнүн ар кайсы аймактарында 139 адам ооруну жуктурган. Анын ичинде көпчүлүгү Кум аймагында, тогузу Гиланда, төртөө Тегеранда жана башка аймактарда чыккан.
Жаханпур жарандардан оору күчөп жаткан аймактарга барбай турууну өтүндү.
Мамлекет башчысы Хасан Роухани кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн эки-үч жума талап кылынарын билдирди.
Булак: Азаттык