Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 68

Бүткүл дүйнө жүзү боюнча жаңы COVID-19 коронавирусу менен ооругандардын саны 80 миң адамга жетти.

Бул тууралуу «Интерфакс» басылмасы билдирди.

Бүгүн, 26-февралга карата Кытайдагы бейтаптарды кошпогондо, коронавирусту 2903 адам жуктурган. Бир суткада коронавирустан каза болгондордун саны 37 адамдан 49 адамга жетти: Иранда 16, Түштүк Кореяда 12, Италияда 11, Япониянын аймагында 5 (төртөө Diamond Princess круиздик кемесинде), Гонконгдо 5, Франция, Тайвань жана Филиппинде бирден адам каза болду.

Ал эми ооруп жаткан адамдардын көбү — 1146 адам Түштүк Кореяда аныкталган. Италияда 323, Иранда 95, Сингапурда 91, Гонконгдо 85, Америкада 53, Тайландда 37, Тайванда 31, Австралияда 23, Малайзияда 22, Германияда 18, Вьетнамда 16, Францияда 14, Бириккен Араб Эмираттары менен Улуу Британияда 13, Макао менен Канадада ондон адам жуктурган.

Ондон кем эмес учур Филиппин, Индия, Кувейт, Бахрейн, Испания, Оман, Россия, Австрия, Афганистан, Алжир, Бельги, Камбоджа, Египет, Финляндия, Израиль, Ливан, Непал, Шри-Ланка, Швеция, Хорватия менен Швейцарияда катталды.

Маалыматтарга караганда, Түштүк Кореяда вирус менен ооругандардын саны 1 миң 146 адамга жетти. Сеул шаарында бир суткада 169 адамга жуккан. Учурда Түштүк Кореяда 11 адам көз жумду. Ошондой эле Хорватияда коронавирус жуктурган учур катталды. Бир хорватиялык адам Италиянын Милан шаарына барып ооруп калган.

Мындан тышкары Австрияда коронавирус жуктурган 2 учур катталды. 24 жаштагы эки бейтап Инсбрук шаарында жашайт. Экөө тең дарыгерге дене табы жогорулап кайрылышкан. Учурда алар изоляцияга алынган.

Булак: Баракелде