Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 90

Түштүк Кореяда коронавирус жуктурган Моңголиянын жараны каза болду. Ал кечээ, 25-февралда саат 17:50дө ооруканада көз жумганын дарыгерлер билдирди.

35 жаштагы моңгол жараны 24-февралда Кёнгидо провинциясындагы ооруканага жаткырылып, андан коронавирус аныкталган. 25-февралда саат 10:00дө анын жүрөгү токтоп калып, реанимация жасалган. Күндүн экинчи жарымында экинчи жолу жүрөгү токтогон. Ооруканадан бейтап буга чейинки оорусунун кесепетинен каза болгонун билдиришти.

Моңголиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ал Кореяга боорун алмаштыруу үчүн барган. Ал эми коронавирусту Сеулда жуктарган.

26-февралга карата Түштүк Кореяда 1146 адам коронавирус жуктуруп, 11 адам көз жумду.

Булак: Баракелде