Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 53

25-февралда Ереванда Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын соту башталды

Бул тууралуу «Армения жаңылыктары» басылмасы кабарлады.

Мурдагы президентке каршы кылмыш иши дыйкандарды колдоо мамлекеттик программасынан өзгөчө ири өлчөмдө каражат уурдоого байланыштуу ачылган. Саргсяндан тышкары бул иш боюнча төрт киши суралууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Серго Карапетян да бар.

Шейшемби күнү Еревандагы Аван жана Нор Норк райондук сотторунда процедуралык маселелер талкууланды. Кылмыш иштин өзү боюнча угуулар бир нече жумадан кийин башталат.

Серж Саргсян коюлган айыпты четке кагууда. Анын адвокаты менен тарапташтары ишти саясий куугунтук катары баалашууда.

«Бул иш Серж Саргсяндын саясий иштер менен активдүү алектенүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеш үчүн ойдон чыгарылган», — деди адвокат Амрам Макинян.

Арменияда эки мөөнөт катары менен президенттик кызматты ээлеген Саргсян 2018-жылы отставкага кеткен. Анын премьер-министр катары кызматта калуу аракети нааразылык акцияларды жаратып, жыйынтыгында өкмөт башына мурдагы журналист Никол Пашинян шайланган.
2019-жылы декабрда Саргсян коррупциялык схема түзүүгө айыпталып, Армениядан чыгуусуна тыюу салынган. 65 жаштагы экс-президент күнөөлүү деп табылса сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: Азаттык