Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 61

Кытайдан тышкары 30дан ашуун өлкөдө өпкөнү сезгенткен оору катталды.

Айрымдарында киши өлүмү менен коштолду. Адистер COVID-19 деп аталган жаңы коркунучтуу вирустун тарап кетишинин алдын алуу аракеттери ишке ашпай, пандемия жакындап келе жатканын айтышууда.

«Коронавирустун жайылуу коркунучу күч алды, дүйнөнүн башка бөлүгү анын алдын алууга даяр эмес», - деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлү Брюс Эйлвард. Ал уюмдун Кытайдагы кырдаалды иликтөө миссиясынын жетекчиси.

25-февралда Африканын Алжир, Европанын Хорватия, Франция, Швейцария, Германия өлкөлөрүндө вирус жуккан адамдар катталды.

25-февраль күнү Италияда бул илдеттен көз жумгандардын саны 11 кишиге жетти. 332 адам ооруну жугузуп алган. Иранда 15 адам набыт болуп, жүз киши ооруга чалдыкканы расмий кабарланды. Бирок көз каранды эмес маалымат каражаттары Иранда вирустан өлгөндөрдүн саны 70ке чукулдаганын жазышууда.

Ушундан улам АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тегерандан коркунучтуу илдеттин жайылып баратканы тууралуу чындыкты айтууну талап кылды.

«Иран жайылып бараткан вируска байланыштуу маалыматты толук бөлүшпөй жатканына Кошмо Штаттар тынчсызданууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде Иран коронавирус тууралуу ачык айтып, эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташууга тийиш», - деди мамкатчы.

Жер жүзүндө вирус 80 миң кишиге жугуп, 2800 кишинин өмүрүн алды.

Булак: Азаттык