Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 46

Австриянын Тироль провинциясында коронавирус (COVID-19) жуктурган алгачкы учурлар катталды.

Австриянын Тироль провинциясында коронавирус (COVID-19) жуктурган алгачкы учурлар катталды. Бул провинция аталган оору жайылып жаткан Италия менен чектешет.

Ошондой эле Хорватияда да коронавирус катталганы маалымдалды. Премьер-министр Андрей Пленковичтин айтымында, жаш бейтап Загреб шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды. Ал 19-февралдан 21-февралга чейин Италиянын Милан шаарында болгон.

Буга чейин Италиянын Ломбарди жана Венето провинцияларындагы 11 шаар карантинге жабылганы маалымдалган. Шаарлардагы 50 миңдей жашоочу бийликтен үйдөн чыкпоо боюнча эскертүү алган болчу. Ошондой эле бир нече иш-чара токтотулган.

Булак: Баракелде