Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 102

Эл аралык валюта фонду 2020-жылга карата экономикалык өсүштү 0,1% чейин түшүрдү. Ал эми Кытайдагы өсүш 6 пайыздан 5,6% чейин төмөндөдү.

Эл аралык валюта фонду 2020-жылга карата экономикалык өсүштү 0,1% чейин түшүрдү. Ал эми Кытайдагы өсүш 6 пайыздан 5,6% чейин төмөндөдү. Евронун долларга карата куну да арзандоодо. Акыркы үч жылда 1 евро 1 доллар 8 центке чейин түштү. Мунайдын баасы да төмөндөөнүн үстүндө.

24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды.

Учурда оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Өлкөнүн мамлекеттик басма сөз каражаттары кабарлагандай, вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.

Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.
Италияда 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза тапканы маалым болду. Бийлик COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу жыйындарга тыюу салды.

Вирустун очогу болгон Кытайда өпкөнү сезгентчү бул илдетке кабылгандардын саны 77,7 миңден ашты. 2663 киши көз жумду.

Булак: Азаттык