Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 51

Түштүк Кореяда коронавирустан жабыр тарткандардын саны 893 адамды түздү.

Түштүк Кореяда коронавирустан жабыр тарткандардын саны 893 адамды түздү. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазууда.

Анда жазылгандай Түштүк Кореяда сутка ичинде жаңы 60 учур катталып, бир адам анын курмандыгы болгон. Өлкө ичинде жалпы 893 адам вирусту жуктуруп алганы, алардын ичинен 8и каза болгондугу айтылууда. Мындан тышкары 22 адам дарыланып, айыккандыгы кошумчаланды.

Түштүк Кореяда вирусту жаңы жуктурган жарандардын 16сы Тэгу шаарында, 33ү Кёнсан-Пукто провинциясында болсо, калгандары өлкөнүн түрдүү аймактарында катталган.

Түштүк Кореянын бийлиги коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп кетүүсүн Синчонжи деп аталган диний уюмдун мүчөлөрүнө байланыштырууда. Тэгу шаарында вирустун булагы болуп аталган уюмдун 61 жаштагы мүчөсү болгон деп айтылууда. 10-февралда эле анда инфекциянын белгилери байкалып, бирок ал эки жолу тест тапшыруудан баш тартып койгон. 18-февралда ага коронавирус жукканы аныкталган, анткен менен ага дейре ал эки ирет миңден ашуун адамдар болгон диний сыйынуу жөрөлгөсүнө катышканы маалым болгон. Бул аралыкта Синчонжи Тэгу шаарындагы ишмердигин, тагыраагы адам көп чогулган сыйынууларын токтоткон.


Булак: super.kg