Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 4828

Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан OAG компаниясы эң кирешелүү авиакомпаниялардын рейтингин түздү.

Аба каттамдары тууралуу маалыматтарды чогулткан OAG компаниясы эң кирешелүү авиакомпаниялардын рейтингин түздү. Ага ылайык, дүйнөдөгү эң кирешелүү рейс – Лондон-Нью-Йорк. Бул тууралуу Business Insider жазды.

Маалыматка караганда, кирешелүү компаниялардын баары тең Лондон менен байланышы бар. Демек, Британ борбору экономиканын борбору жана Европадагы ири транспорт булагы болуп саналат.

British Airways компаниясынын Лондондон Нью-Йоркко карай каттамы эң көп киреше алып келгени аныкталган. Авиакомпания бул каттам үчүн саатына 27 000 доллар пайда табат.

Төмөндө ТОП-10 кирешелүү каттамдар:

Лондон – Нью-Йорк, British Airways авиакомпаниясы (негизги эсепте 1159 млн доллар, каттамдын ар бир сааты 27 000 миң доллар келтирган)
2. Мельбурн – Сидней, Qantas (861 млн доллар – 24 000 дол./саат)
3. Дубай – Лондон, Emirates (796 млн доллар – 25 000 дол./саат)
4. Сингапур – Лондон, Singapore Airlines (736 млн доллар – 19 000 дол./саат)
5. Нью-Йорк – Сан-Франциско, United Airlines (689 млн доллар – 13 000 дол./саат)
6. Нью-Йорк – Лос-Анжелес, American Airlines (662 млн доллар – 13 000 дол./саат)
7. Доха – Лондон, Qatar Airways (639 млн доллар – 20 000 дол./саат)
8. Гонконг – Лондон, Cathay Pacific (605 млн доллар – 14 000 дол./саат)
9. Сингапур – Сидней, Singapore Airlines (550 млн доллар – 21 000 дол./саат)
10. Торонто – Ванкувер, Air Canada (541 млн доллар – 12 000 дол./саат)

Булак: Маралфм