Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 159

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 75 миң 204 адам жуктурду.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 75 миң 204 адам жуктурду. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирусту Кытайда 74 миң 280 адам жуктуруп алган.

«Дүйнөнүн 24 өлкөсүндө аталган илдетти жуктурган 924 учур катталды. Ооругандардын көбү Кытайдын Ухань шаарында болгон. Ал оорунун белгилери адаттагы суук тийүү жана сасык тумоого окшош: чарчоо, дем алуунун оорлошуп, дене табынын жогорулашы, жөтөлүү жана тамактын оорушу», — дейт министр.

Ал белгилегендей, коронавирустун 40 түрү белгилүү, анын 7 түрү гана адамга жугат.

Булак: elgezit.kg