Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 123

Түркиядагы Каппадокия тарыхый аймагына саякатка барган 10 кытайлык турист жана 2 түрк жараны коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу Аксарай провинциясынын губернатору Али Манты билдирди.

Вирустун белгилери 1 адамдан байкалгандыктан, аны менен байланыш түзгөн дагы 9 киши жана гид менен автобустун айдоочусу да изоляцияга алынды.

Учурда бейтаптардан алынган анализдер Саламаттык сактоо министрлигине жиберилген. Жыйынтык чыкканга чейин туристтер көзөмөлдө калмакчы.
2019-nCoV  аталышындагы коронавирустун жаңы түрү алгач декабрь айында, Кытайдын Ухань шаарында байкалган. Учурда вирусту жугузган абал Кытайдан сырткары, Гонконг, Макао, Тайвань, Таиланд, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Канада, Вьетнам, Сингапур, Непал, Франция, Австралия, Малайзия жана Германияда катталды.

Булак: Маралфм