Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга колдоо иретинде өзүнүн кайрымдуулук фондунан 5 миллион доллар бөлдү. Мындан тышкары дагы 5 миллион доллар Африкага бөлүнөт.
Билл жана Мелинда Гейтсдин фонду кытайлык өнөктөштөр менен бирге пневмонияны токтотуу боюнча биргеликте жигердүү иш алып барууда.
Бөлүнгөн акча каражаттар ооруну жуктургандарды аныктоодо, аларды дарылоодо жана тез арада вакцина иштеп чыгуу багытта колдонулат.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Аданом Гебреису Пекинге жөнөп кетти. Ал коронавирустун жаңы түрүнүн таралышы боюнча Кытай өкмөтү жана саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер менен жолугушат.
Булак: Eldik.media