Кытайда тараган вирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 106 адамга жетти. Бул тууралуу «AFP» басылмасы Кытайдын бийлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматтарга караганда, вирусту жуктургандардын саны 4515 адамга жетти.
9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.
Учурда жаңы вирус көпчүлүк өлкөлөрдө катталып, алардын ичинде АКШ, Канада, Франция, Австралия, Германия жана Япония өлкөлөрү бар.
Булак: Баракелде