Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 283

Дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерди иликтеген Стокгольм эл аралык институту (SIPRI) биринчи жолу кытай компаниялары өндүргөн курал-жарактын көлөмүн талдап чыкты.

Ага ылайык, 2017-жылы Кытайдагы төрт компания орусиялык тогуз атаандашына караганда, 16,4 миллиард долларга көбүрөөк курал-жарак сатканы белгилүү болду. Натыйжада Кытай курал өндүрүү боюнча дүйнө жүзүндө АКШдан кийин эле экинчи орунду ээледи.

Мурда маалыматтардын жетишсиздигинен сатуу көлөмүн аныктоо мүмкүн болгон эмес. Бирок адисттер биржага чыккан сандарды колдонуу менен төрт кытай компаниясынын 2015-2017-жылдардагы көрсөткүчтөрүн иликтеп чыгышты.

SIPRI 2017-жылы курал-жарак чыгаруу боюнча алдыңкы жыйырмалыкка 11 америкалык, 6 европалык жана үч орусиялык компания киргенин белгилейт. Эгер рейтинг азыр түзүлгөн болсо, кытайлык төрт компания алдыңкы ондукка кирмек.

2017-жылы төрт кытайлык компания жалпысынан 54,1 миллиард долларга курал-жарак саткан. SIPRI алар көрсөткүчтөрүн төмөндөтүп коюшу ыктымал деп эсептейт.

Булак: Азаттык