Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 131

Америкалык баскетболчу Коби Брайант 13 жаштагы кызы менен 26-январда авиакырсыктан каза болду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Кырсык кечээ, 26-январда АКШнын Калабасас шаарында болгон.

Тик учактын ичинде тогуз адам болуп, баары көз жумган. Алардын ичинде баскетболчунун 13 жаштагы кызы Жанна Мария да болгон.

Коби Брайант 41 жашта болчу.

АКШнын президенти Дональд Трамп жана бир катар спортчулар маркумдун туугандарына көңүл айтышууда.

Белгилей кетсек, Коби Брайант АКШнын улуттук баскетбол ассоциациясынын беш жолку чемпиону болгон.

Булак: Кабар