Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 123

АКШда коронавирус чакырган пневмония оорусу менен жабыр тарткан 5 адам катталган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазууда.

Анда жазылгандай, коронавирус оорусу Аризона, Калифорния, Иллинойс жана Вашингтон штаттарында катталган. Алардын баары Кытайдын Ухань шаарынан келген жарандар болгон.

Коронавирус (2019-nCoV) 2019-жылдын декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Азыркы убактагы маалыматтарга ылайык, 2 миңге жакын адам вируска кабылса, анын кесепетинен 57ге чукул адам каза болгондугу айтылууда.


Булак: super.kg