Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

Импичментке байланыштуу соттук териштирүү 21-январда башталып, алты күнгө созулары күтүлүүдө.

Дүйшөмбүдө президенттин адвокаттары Сенатка Өкүлдөр палатасынын айыптоосуна расмий жооп жазылган кат тапшырышкан.

Катта Өкүлдөр палатасынын 110 барактан турган документиндеги айыптоолор "үстүрт" жана " кооптуу" деп айтылган. Трамптын адвокаттары бул айыптоолордо президент тарабынан мыйзам бузулганы көрсөтүлбөгөнүн белгилеп, Трамптын Украинага карата аракети АКШнын кызыкчылыгы үчүн жасалган деп бекемдешүүдө.

Өкүлдөр палатасындагы демократтар 18-январда Трампты "АКШдагы шайлоого кийлигишүү үчүн расмий укугун кысым көрсөтүүгө пайдаланды" деп айыпташкан. Импичмент үчүн палатадагы бир да республикачы добуш берген эмес.

21-январда сенаторлор сот жараянын жүргүзүү эрежелерин макулдашат. Тараптар өз жүйөөлөрү менен тааныштыруусуна эки күндөн төрт күн кетет деп айтылууда. Андан кийин сенаторлор кошумча күбөлөрдү чакыруу маселесин чечүүгө тийиш. Трамптын адвокаттары жаңы күбөлөр чакырылуусуна каршы, демократтар Сенаттагы угууга президенттин жакын жардамчыларын, анын ичинде коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Болтонду чакырууну туура көрүшкөн.

Трампты бийликтен четтетүү үчүн Сенат мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин макулдугу керек. Бирок республикачылар басымдуулук кылган Сенатта бул мүмкүн эместигин серепчилер алдын ала эле айтышууда.

azattyk.kg