Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 75

Кытайда балдардын төрөлүшү өлкө мындан жетимиш жыл мурда Элдик Республика болуп түзүлгөн убактан берки эң төмөнкү чекке жетти.

Өлкөнүн Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, былтыр 14,65 миллион бала төрөлгөн жана бул 70 жыл мурдагыга караганда жарым миллиондой аз дегенди билдирет.

Кытай элинин саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат жана ушул өлкөдө тушта 1,4 миллиарддай адам жашайт. Бир жыл ичинде кишилердин саны 4,5 миллиондон ашкан.

Бээжин 2015-жылы "Бир үй-бүлөгө - бир бала" деген саясатынан баш тарткан, бирок бул балдардын төрөлүшүн көбөйткөн эмес. Элинин карып баратканы, аларды пенсия менен камсыздоо жана саламаттыгына көңүл бөлүү кытай бийлиги үчүн оручундуу маселе болуп саналат.

azattyk.kg