Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 144

Орусиялык теле алып баруучу Лера Кудряцеванын көкүрөгүнө коюлган имплант жарылып кеткен. Натыйжада ага тезинен оор операция жасалып, имплант алынып салынды.  

Ал имплант койдурганына өкүнөрүн айтып, аялдарды пластикалык операция жасабоого чакырды. Бул жөнүндө ал Instagram-аккаунтуна жазып чыкты.

"15  жыл мурда Санкт-Петербург шаарында мен көкүрөгүмө имплант жасаткам. Сертификатта имплантка өмүр бою  кепилдик берилет деп жазылган болчу. Дарыгер болсо аны танкка тебелесең да эч нерсе болбойт деп айткан эле. Ал убакта эч кандай маалымат жок болгондуктан, биз эксперименттеги коен болгон экенбиз. Жыл сайын чек-аптан өтүп турам. УЗИге жиберишкен,  кийин контрастуу  МРТга жиберишти. 5-6жылдан бери имплант жарылып, кайсы жактарга чейин агып кирди экен. Тезинен имплантты алып салуу үчүн операция жасалып, силикон кесип алынды. Өтө агрессивдүү операция” ,-деп жазган ал баракчасына. 

"Наркоз дагы деле тарай элек. Мүмкүн мен бүгүнкү постума өкүнүп калаттырмын. Бирок, ушул пост аркылуу бир нече кызды мындай кадамдан сактап калсам, демек, мунун баары текке кетпеген болот”,-деп кошумчалады.
48 жаштагы  Лера Кудрявцева Орусиянын жана эл аралык деңгээлдеги  чоң  концерт, фестивалдардын алып баруучусу катары таанымал. Ал өзүн актриса катары да сынап көргөн.

Булак: NazarNews.kg